Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүткөн бой, тулку, дене. Ден көшүлүп жан жыргап, Жакыптын көөнү жай болду («Манас»). Карыган Ыса шордуунун, Калбады денде дарманы (Тоголок Молдо). Кайсы күнү ким жазды экен атымды Жаш теректин аппак күмүш денине (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕН СООЛУКТУ САКТООГО УКУК – адамдын конституциялык негизги укуктарынын бири; саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекет тарабынан бул укуктун кепилдениши, аны жарандын саламаттыгын чыңдоого жана коргоого керектүү шарттарды түзүүгө, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу тутумдарын өнүктүрүүгө, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ыңгайлуулуктарды камсыз кылууга милдеттендирет.